www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews агенттигинин «Эл Мурас» көрсөтүүсүнүн коногу - Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун (БТОИИБ) жетекчиси Сабыр Жумабеков. Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанымал ортопед, академик, профессор менен Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова маектешти. Биз сыймыктанган инсандардын маегине назарыңыздарды бурабыз.

 - Сабыр, сенин мыкты ортопед экениңди ММКдан көрүп, атыңды алыстан угуп эле жүрчүмүн. Бизди жакындан тааныштырган менин оорум болду. Акыркы үмүт менен сага бардым эле, операция ийгиликтүү өтүп, сенин алтын колуңдан айыгып чыктым. Ал жерде көп эле нерсени көрдүм, анын бирин эле айтайын. Бүкүрөйүп келген 16 жаштагы кызды түз бастырып койгонуңа күбө болдум. Мындай нерсени айта берсек өтө көп. Сурайын дегеним - олуттуу операция кылгандарыңдын саны канчага жетип калды? 

- Отуз беш миңге жетти. Эже, биз сиздин талантыңызга таазим кылган адамдарданбыз. Сыйлап, урматтаган инсан мага ооруп келгенде башкача абалда эле. (Күлүп) Азыр болсо 20 жылга жашарып турасыз. Сакайып, чуркап кетип, минтип маңдайыма келип интервью алып жатканыңыздын өзү эле чоң бакыт. Бул дагы болсо менин эмгегимдин жыйынтыгы деп ойлойм. Бейтаптар басып, чуркап кетсе, аябай кубанабыз. 

- (Күлүп) Операция жасап, чуркатып койгонуң үчүн интервью алганы келген жокмун. «Эл Мурас» көрсөтүүсүн ачканда, эмгеги элге сиңген, мамлекетке салым кошкон татыктуу инсандарды элге кеңири таанытуу максатында ачканбыз. Аты чыгып калган адамдардын артынан ар кандай кептер айтылып, сөз ээрчийт экен. Ошондой нерселерди өз оозуңдан уксак жакшы да. Сага чет жактан келип, операция болуп кеткендерди да угуп жүрөбүз. Досторуң араб мамлекетинен бирөөнү операцияга алып келген экен. Анын кабыргасынын баарын май баскан, толук киши болгон турбайбы. «Колум майына кирип кетти», - деп айтканың да бар экен. Рахматын да айтпай чыгып кетип калыптыр. Бирок бир жылдан кийин кайра келген экен. Ошол окуяны айтып берсең…

- Ал окуяга 20 жыл болду, 2002-жылы болгон, Кимсанбай-ажынын суранычы менен ал кишиге операция жасалган. Аты-жөнү Мухамед Абдроб деген имам экен. «Бул адам бизге жардам берип жатат, мечит салып жатат», - деп калышты. «Кыргызстанга соопчулук иш кылып жаткан адамдарга тизелеп кызмат кылышыбыз керек», - деп, операция кылгам. Эми кабыргаларынын майын айтпаңы,з аябай толук киши экен. Ооба, эч кандай рахмат деп, бир сөз айтпай, чыгып кеткен. Ага таарынган деле жокмун, «Кудай алдында бир касиеттүү адамдын ден соолугуна жардам кылдым» деп калдым.

Анан ал киши бир жылдан кийин кайра келди. Зымпыйган киши кабинетиме келип, «Тааныдыңбы?», - деди. «Жок» десем, «Мухамед Абдробмун», - деп, мени үй-бүлөм менен Дубайга чакырды. Кызым менен бардым. Ошол жерден Мухаммед пайгамбардын тукумунан экенин билдим, Олуя Шейх деп коёт экен, Дубайдын мэри, акимдери жүгүрүп келип, колунан өөп учурашат экен. Дубайдагы чоң мечиттин имамы дешти. Ал жактан министрлердин омурткасын көрсөтүп, көп адамдарга жардам кылдым. Учурда ал киши Индонезияда, ошол жакка алып кетишиптир, ошол жакта иштеп жатат. Илимий ишкер, дин боюнча министр кызматын аркалагандыгын айтты.

- Сабыр, дагы бир нерсени тактайлычы. «Операцияга акча, доллар алат экен» деген кептерди угуп эле жүрсөң керек? Кыргызстандан Германия, Туркияга барып, операция кылам деген операцияларды да сен жасайт турбайсыңбы?…

- Ооба, ал болгон окуя. Операциянын темир-тезектери бизден чыкпайт, чет жактан алып келинет, ошондуктан кымбат. Мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ушул маселе боюнча канча жолу кайрылуу жаздым. Негизи, бизде операция бекер, ал эми керектүү темирлерин ар ким өзү сатып алат, аны биз салып кана беребиз. Жалпак тил менен айтканда, биз СТОдой элебиз да. Машинанын запчасттарын сатып алып берет го, ошондой эле.

Имплантаттарды (денеге имплантациялоодо протез катары колдонулат, адамда жок болгон органдарынын ордуна коюлат - авт.) сатып алышат. Анын эң арзаны - Түркияда. Европада аябай кымбат, он миң доллардан ашып кетет. Сизге деле бир жарым миң долларга сатып келдик. Кызматыбыз бекер. Акча сураганга мыйзам жол бербейт, Абийир дагы жол бербейт.

Дагы бир окуяны айтып берейин. Бир эженин үч омурткасы сынып, операцияга мага келген. Анан чет өлкөгө кеткен. Мен кызматташып жүргөн госпиталга барып жатыптыр. Анан мени операцияга чакырып калышты, фамилиясын окуп, дароо ошо эже экенин билдим. Анан аларга айттым: «Мени көрүп шок болуп калбасын. Наркоздон кийин кирейин» деп. Анткени адам уялганда да жаман маанайда болот.

Анан анын реакциясы мындай болду - мени көргөндө баласын көргөндөй ыйлап жиберди. Бул кубанычтын көз жашы болчу. Бир-эки айдан кийин кабинетиме келип, колумду өөп, кечирим сурады. Көрсө, Түркияда уул-кызы иштеп, бардар турат экен. Отуз төрт миң доллар төлөптүр. «Бизде операция бекер, темир-тезеги ушунча турат», - десең эле: кымбат, чет жактан жасатам деп кетишет. Чет мамлекеттеги баасы тиги.

Европада омуртка жасаткандар - миллионерлер. Мен чет мамлекеттеги 3-4 клиника менен кызматташам. Германия, Түркия, Казакстан, Өзбекстанга барып турам. «Кыргызстанга иштебей, чет жакта эле жүрөт экен деп ойлоп калышпасын. Мен ал жакка дем алышта: ишемби-жекшемби күндөрү барам. Чакырганда баруу - милдетибиз. Барбай койсом, Кудай алдында жакпаган иш кылган болом.

Менин телефонум түнкүсүн да өчпөйт. Себеби - адам кырсыкка тушукканда саатка карабайт, менин уйкум менен эсептешпейт. Тааныбаган эле адамдар чалат, телефонумду кайдан таап алат, билбейм. «Төрт дарыгер иштейт, айтып коёюн десем - жок, өзүңүз келиңиз», - дейт. Анан айла жок барам. Бирок бул - биздин милдет, баруубуз керек! 

- Операция жасап жатканда коркунуч болобу?

- Коркунуч сезими операция кылганда эмес, ары жагы кандай болот деп, тиги адамдын андан аркы ден соолугун ойлойсуң. Коркунучтан дагы жоопкерчилик жогору турат. Бейтапты бутуна тургузуп коюу менин милдетим.

- Коркунучтун жоктугу рухтун, духтун күчтүүлүгүбү же кесипке жоопкерчиликпи, же Кудайдан келген нерсеби?

- Бир сөз менен айтуу кыйын. Укум-тукумга берилген генден, ал ата-энеден жугат да. Бул бир чоң илим. Расул Гамзатовдун жакшы сөзү бар: «Мендеги баардык жакшы нерсе болсо, ал ата-энемден, жаман нерсе болсо өзүмдөн», - деген. Бул бир. Экинчиден, эмгек. Эмгек дегеним бул – окуу, билим. Москвада, Крымда иштеп жүргөндө, айлап, жылдап китепканада отуруп, китеп көп окудум. Конспект жазып атканда баарын башыма тутуп алчумун.

Анан практика жүзүндө көрүш керек. Жетекчим Александр Иванович Искров болгон, ал дүйнө жүзүндөгү мыкты 3 ортопеддин бири эле. Ошол кишиге туш кылган Кудайга ыраазымын. Анткени ал мага көп нерсени үйрөттү. Күнү-түнү ооруканада жашап-иштеп, тажрыйба алдым. Отуз жашымда илимий докторлукту жактадым.

- Кайсы операцияңды уникалдуу деп айта аласың?

- Мен бир дагы операциямды бөлүп айткым келбейт. Себеби - баары кыйын. Кыйындары мага туш келет. Болбой калды дегенде мага келишет. Көзүм жетсе, операция жасайм. Болбосо - ачык эле айтам: «Колумдан келбейт», - деп. Кээде болуп калат - колумдан келбей калганы. Андайда көп нерсе керек болот, кошумча аппарат керек болуп калат, же бейтап операцияны көтөрө албай калышы ыктымал.  Аларга орой айтпайм, акырын жол-жобосун түшүндүрөм. Таарынышпайт, туура кабыл алышат. Мунун баары тажрыйбадан да. Хирург болуп иштей баштаганыма 33-34 жыл болду.

- Мен жазуучумун да, фантазиям бир топ. Роберт Моуди «Жизнь после жизни» деген китеби бар. Анда бир баланын денеси таптакыр талкаланып, жүрөгү менен мээси гана калат. Анан ошол бала: «Келинчегим жаш эле. Баламды бутуна тургузуп койсом болот эле», - деп ыйлайт. Эртең менен терезеден жарык пайда болуп, бир үн чыгып: «Сен чын эле келинчегиң, балаң үчүн өмүр сурап жатасынбы?» - деп сураса: «Ооба» дейт. «Анда операцияга макул бол», - дейт. Операция ийгиликтүү өтүп, бала бутуна туруп кетиптир. Ошол окуя мага аябай таасир эткен. Кайып дүйнө дейинчи. «Клиническая смерть» деген болобу?

- Болушу ыктымал. Мен операцияга киргенде бир эле нерсени ойлойм, дартын кантип айыктырам деп. Ал учурда баардыгын унутасың. Ошол операцияга сүңгүп кирем да, кол менен мээ гана иштейт. Бирок бул туура, операция кылып жатканда ушундай багытта гана иштеш керек. Операция кылып жатканда мээни эч нерсеге иштетпеш керек, ошол нерсеге гана багыттоо керек.

- Сага бут тосуулар болдубу? Укканыбызга караганда, сага министрликтен бут тосуу болуптур го, чынбы?

- Болгон, анда мен жаш элем. Эми ал кишинин атын атабай эле коёюн, себеби, карып калды. Ал киши мени ишке албай койгону чын. «Сендей илимдин докторунун кереги жок, келген жагыңа кете бер», - деген. Ал эле эмес: «Эч жерге албагыла!», - деп телефон да чалып коюптур. Бирок ал кишинин мамилеси мага келечекте сабак болду. Дегеним, мен эч кимге бут тоспойм. Билген нерсемди үйрөтөм. Алардан операция талашпайм. Башка бирөогө ишенип келген кардар болсо, кубанам.

Менин көп шакирттерим бар, меникиндей эч кимде жок. Ушул мекемеде эле 120 шакиртим иштейт. Башка аймактарда 200дөй шакиртим иштейт, Түркия, Германия, Казакстан, Тажикстан, Москвада эмгектенип жатышат. Илимдин доктору болгондор да бар. Алар келечекте менден да кучтүү болот. Мен алар менен сыймыктанам. Кудай буйруса, алар менин жолумду басат, менден да ашат.

- Шакирт даярдоонун кубанычы кандай экен?

- Ал менден да мыкты, күчтүү болуп чыкса, анын ийгилигине кубанам. Көп илимий докторлор эч шакирт чыгарбайт. Анткени алар коркот - «ал мени басып кетет, ашып кетет» деп. Мен болсо - «Менден да ашып түшсүн» деп Кудайдан тилейм. Азырынча эч ким аша элек, универсалдуу хирург чыга элек. Мен баардык жагын өзүм жасайм да. А окуучулар ар кайсыны билет - бири бутту, бири муунду, бири башты дегендей…

Бирок келечекте мыкты муун өсүп келатат. Анткени алардын келечеги али алдыда. Ал үчүн мендей болуп, кесибин сүйүш керек. Мына, мен «саясатка да барбайм» деп бир эле күн депутат болуп отуруп, эртеси кетип калдым. Аны жакшы билесиздер.

Мына, Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун ачылганына 17 жыл болду. 4-больница деп коюшат, ал туура эмес, бул - илимий-изилдөө борбору. Бул жерден биз көп ийгиликтерге жеттик. Дүйнөлүк 3 съезд өткөрдүк. Дүйнө каражаттарына илимий макалалар жарыяланды, жүздөн ашык китеп чыкты, 250 миң адамга операция жасалды. Бизге келип окуп кетишет, теория жагынан да, практика жагынан да. Аймактарга чыгып, окутуп турабыз, Жергиликтүү жерде да ортопеддер өсүп келатат. Биздин илимий борбор бүт дүйнөгө таанылды. Жетишкен ийгилигибиз ушул, эже.

- Врач болуу кесипти ким тандады эле?

- Он жашымда эле келечекте дарыгер болом дегем. Атамдын жото жилиги катуу ооруп Фрунзеге келип, дарыланып жүрдү.  5 жыл бутунун азабын тартты. Атамдын бут оорусунан улам врач болуу оюма келген. Анарбек деген дарыгер бар эле, айылдык бейтапканада иштечү. Ошол адам атамдын бутунун сөөгүн жарганда ириң чыгып, айыгып кеткен. Анда мен 8 жашта элем. Атам менен Фрунзеге келгенде айтылуу хирург, медицина илимдеринин доктору Иса Ахунбаевди көргөм. Мага ал киши  Бакай атадай эле көрүнгөн.

Жүзүнөн нур чачып турганы эс тутумумда калды. «Бул ким?», - деп атамдан сураганда: «Балам» деп, башыман сылап койгон. 5-6-класста окуп жүргөндө эле бакаларды союп, шишеге салып эксперимент жүргүзчүмүн. Беде, чөп чаап жатканда бакалар көп чыкчу...

- Ушундай мыкты адамдын артында турган тыл да. Тылың кандай?

- Келинчегим - Роза. Эки эркек, эки кызыбыз бар. Эрте кетип, кеч барам. Бардык милдет Розанын мойнунда. Жубайым, апам, бир туугандарым күч-кубат берип турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости