www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылары белгиленди.

 Бишкек жана Ош шаарларынын калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилет, мындан улам Early One тиркемеси аркылуу алынган талондор 2-июндан баштап жараксыз болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылат.

"Биринчи этапта талондорду кабыл алуу боюнча кызматкерлерден алууга болот. Мындан ары керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландаштырылууда. Жыйынтыктоочу этапта система "Түндүк" тиркемеси менен интеграцияланат жана республиканын бардык КТБларына жайылтылат. Бул жарандарга кезекти алдын ала брондоого мүмкүндүк берет", — деп жазылган маалыматта.

24-майдан тартып төмөнкү КТБда жаңы система иштеп жатат:

КТБ-1, Бишкек шаары (КТБ ДК);

КТБ-4, Бишкек шаары ("Элдорадо" КТБ);

КТБ, Ош шаары.

КТБда жаңы системаны ишке киргизүү графиги:

29-майдан тарта — КТБ-3;

31-майдан тартып — КТБ-2.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости