www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облустук милициясынын жаңы имаратынын курулушуна колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр сыйланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Демөөрчүлөргө облустук милициянын башчысы Азенбек Козукеев ИИМдин медалдарын, ардак грамоталарын тапшырып, көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди. Аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады

Белгилүү болгондой, милициянын жаңы имаратынын курулушуна Руслан Али-Оглы, Максат Жоробек уулу, Жапарбек Жумабеков, Мирбек Идирис уулу, Эсен Казакбаев, Артык Мураталиев, Нуржан Назаралиев, Мамыркан Саалиев, Адыл Темирбаев, Рыскан Курманбаева, Жапаркул Наралиев, Жаныбек Рай, Алмазбек Ибраимов жана Исланбек Сапаров аттуу жарандар каржылык жана башка колдоо көрсөткөн.

Эскерте кетсек, Талас облустук милициясынын жаңы имаратынын ачылыш 21-майда болуп өткөн.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости