www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек частушкалары

Азиз Суракматов

Буйрук

Урматтуу  шаарда «прапискеси» бар жана «прапискеси» жок шаар тургундары?!

 Шаардын  айлана-тегерегинде көрүстөнгө орун табылбай жаткандыктан, көрүстөнгө орун табылгыча, көп болсо бир жылга чейин, шаардын жашоочуларына өлгөнгө тыюу салам.

 Бишкек  мэри  Азиз Суракматов

 

Албек Ибраимов

Албек акең салмактап,

Таразаны  бишкектейт.

Бирок, улам начарлап,

Бара жатты Бишкек дейт

 

Кубаныч Кулматов

Кулкуну чоң Кулматов,

Бажыны бүт жеп кетти.

Бишкек жакка мэр болуп,

Жөн койбоду мектепти.

 

Иса Өмүркулов

Темир жолду бүт жалмап,

Бишкек мэрге көчүптүр

“Журт атасы” Атамбаев деп,

Анысы деле өтүптүр.

 

Нариман Түлеев

Капчыгы оор,жеңилби

Түлеевдин салмагы?

Кокуй, Бишкек борборун,

Каптап кетет калмагы.

 

Данияр Үсөнов

Чуркап жүрүп Үсөнов,

Эптеп мэрге жетиптир.

Андан кийин келген мэр,

«2» коюп кетиптир.

 

Арстанбек Ногоев

«Шыпыргычан» Ногоев,

Көчөлөрдү тазалаар.

Шыпырылды Арыстаке,

Чыга берип «кашалар».

 

Аскар Салымбеков

Салымбеков Аскар тез,

Бишкек шааарын оңдойбу?

Кетип калса мэр болуп,

Ким башкарат «Дордойду»?

 

Медет Керимкулов

Ким болсо да кожоюн,

Иштейт Мекең талыкпай.

Керимкулов унчукпайт,

Деңиздеги балыктай.

 

Феликс Кулов                                                 

КыГыБыдан түз эле,

Кыйратам деп келипсиз.

Түрмө жакта орун бар,

Түшө койчу Феликс. 

 

Борис Силаев

Бишкек  жакка мэр болуп,

Борис дядя баш ийкейт.

«Сила» барбы Силаев,

Москвага  ташый кетет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости