www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 Бишкек шаарын каптады. Тоңмоюн мэр Бакыт Кудайбергенов вирус жуктургандардын саны 400дөн ашканда барып араң козголуп, коомдук транспортту дезинфекциялай баштады.

Бирок, санитардык-эпидемиологиялык начар абалды оңдоону ойлогон да жок. Көңүл ачуучу жайларга, ресторан, кафелерге чектөө киргизимиш болуп, анысын кайра алып таштады. Бул мэрдин эмне билгени бар экенин билбейбиз. Азык-түлүктүн баалары кымбаттады, эл кыйналып жатат.

Мындай учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, пенсионерлерге гуманитардык жардам, соопчулук иштери уюштурулчу эле. Мэр Бакыт Кудайбергенов кылар иши, салар кушу жок немедей болуп отура бербей, шаардын элине кам көрүп кыймылдабайбы? Иш колунан келбесе, же ишке көңүлү жок болсо, креслого тырмышпай өткөрүп бербейби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости