www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корумду-Балбай автожолу 128 миллион долларга оңдолот

Ысык-Көл облусундагы Корумду-Балбай автожолун оңдоого 128 миллион сом сарпталат. Анын 35% грант, калганын 2,5 үстөк пайыз менен 23 жылга насыя катары эл аралык үч уюм берет.

Бул насыялык макулдашууларды бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитети ратификациядан өткөрдү.

Маалыматка ылайык, Корумду – Балбай кара жолунун узундугу 81 чакырым. Ал төрт тилкелүү экинчи категориядагы жол болот.

Эске салсак, 2015-жылы өкмөт бюджеттен акча бөлүп, 104 чакырымды түзгөн Балыкчы-Корумду автожолун оңдой баштаган. Учурда анын 23 чакырымы бүтө элек. Жолго 3,8 млрд. сом корогон. Мындан тышкары жол курган кытайлык компанияга кыргыз өкмөтүнүн 75 миллион сом карызы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости