www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЦУМдун жанындагы жол оңдоо иштери декабрдын алгачкы күндөрүндө аяктай турганын билдирди.
Жунушалиевдин айтымында, ар бир долбоордун так мөөнөтү белгиленип, аны сактоо маанилүү.
«Нормаларды унутпашыбыз керек. Цементтин, асфальттын өзүнүн күчүнө кирүү мөөнөтү бар. Эгер бул тартип сакталбаса, кийин урап калуу коркунучу жаралат. Анда биздин иштин баасы жок болот», — деди мэр.
Ошондой эле калаа башчысы Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнү оңдоо иштери декабрдын аягына чейин бүткөрүлөрүн кошумчалады.