www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы Шопоков көчөсүндө ачкан автоунаа коюлуучу алгачкы жайы боюнча келишимди токтотот. Бул тууралуу 26-февралда шаардык кеңештин жыйынында маалымат берип жатып вице-мэр Азамат Сагындык уулу билдирди.

Анын айтымында, келишимдин мөөнөтү март айында аяктайт, апрель айынан тартып жерди ижарага алып иштетип жаткан компания менен кызматташтык токтотулат.

«Тегерегин жакшылоо, паркомат орнотуу тууралуу келишимди аткарбаганы үчүн. Ижара келишимин апрель айында токтотобуз», - деп белгиледи ал.

Мэриянын маалыматына караганда, «Паркинг KG» ишканасы Шопоков көчөсүнүн Москва жана Фрунзе көчөлөрүнө чейинки тилкесин автомашина коюучу жай катары ижарага алган. Бир жылдык ижара акысы 1,5 миллион сомдун тегерегинде болчу. Азыр бул компания менен мэриянын соттошуусу уланууда.

2017-жылы Бишкек бийлиги көчө боюндагы унаа токтотуучу жайларда акы алуу системасын киргизип, Шопоков көчөсүндө «Айчүрөк» дүкөнүнүн жанындагы унаа токтотуучу жай пилоттук режимде иштей баштаган. Шаар бийлиги айрым борбордук көчөлөрдөгү мындай жайларды сынак аркылуу менчик ишканаларга ижарага берип, тыгынды азайтуу жана кыймылды жөнгө салуу максатын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости