www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Ночь перед рождеством» балетинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балет аталган министрликтин колдоосу менен өттү.

Спектакльга Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары жана студенттери катышты.

Спектаклды А.Я.Ваганова атындагы Орус балет академиясынын бүтүрүүчүсү Алия Аджибаева койгон. Ал буга чейин Бишкек шаарындагы Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайын аяктаган.

Белгилей кетсек, келечекте спектакльды Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын репертуарына киргизүү пландалууда.

Спектакльдин алкагында аталган окуу жайда эмгектенип, кызматында артыкчылык көргөзгөн окутуучуларга КР Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каттары жана Маданият министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости