www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкеринен вирус аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук аппараттын кызматкерлеринин бири тамагы ооруп, жөтөлүп баштаганынан тест тапшырган.

«Башка симптомдору жок. Кечээ коронавирус деп чыккан, экинчи анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз.

Биз ар бир бөлүмгө бирден гана кызматкер алып калып калгандарын үйлөрүнө жөнөттүк. Анализдин жыйынтыгы менен иш алып барышат. Имаратты дезинфекциялайбыз», — деди Түлөбаев.

Акыркы маалыматтарга таянсак, өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2 миң 789га жетип, 32 адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости