www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын айрым жогорку окуу жайларындагы билим сапаты Өзбекстандын эмгек рыногундагы талаптын деңгээлине дал келбейт. Бул тууралуу Өзбекстандын Министрлер кабинетинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан даярдалган "Коңшу өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатын аныктоо боюнча сунуштамада" айтылганын CentralAsia (UZ) кабарлады.

Инспекция бул рекомендация Кыргызстан менен Тажикстандын жогорку окуу жайларындагы билим берүү процесстерине жүргүзүлгөн ар кандай булактардын изилдөөсүнө жана ошондой эле тесттердин жыйынтыктарына негизделгенин белгилейт.

Мамлекеттик инспекциянын маалыматы боюнча, Тажикстандагы жана Кыргызстандагы 16 ЖОЖ өзбек эмгек рыногуна эч кандай тиешеси жок.

Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты төмөн ЖОЖдордун тизмесине төмөнкүлөр кирген:

– Эл аралык Борбор Азия университети;

– Кыргыз-Өзбек университети;

– Эл аралык медициналык жогорку мектеп;

– Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институту;

– Ош гуманитардык-педагогикалык институту;

– Жалал-Абад мамлекеттик университети;

– Ош мамлекеттик юридикалык институту.

Кыргызстандан тышкары Тажикстандын да бир катар окуу жайлары тизмектелди.

Сапатсыз билимге ээ болгон Казакстандын жогорку окуу жайларынын тизмеги берилбеген, бирок департаменттин айтымында, бул өлкөнүн айрым жогорку окуу жайлары өзбек жаштарынын экзаменсиз жана дистанттык түрдө билим бергени менен билимдин тийиштүү сапатын камсыз кылбайт.

Билдирүүнүн аягында Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы өзбек студенттерине абройлуу, билим рейтингинде жогорку орундарды ээлеген өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында окууну сунуш кылды.

Иллюстративдик сүрөт

Булак: NazarNews.kg

Последние новости