www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда эпидемиологиялык абалды баалоо үчүн «кошумча критерийлер» киргизилет. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Лязат Актаевага таянып, казак басылмалары жазып чыкты.
Анын айтымында, эми абалды баалоодо коронавируска кабылган бир адам орточо эсеп менен вирусту канча кишиге жуктурарын көрсөткөн R коэффициенти жана бейтаптар үчүн ооруканаларда орундардын бар-жоктугу эске алынат.
«Карантиндик чараларды R көрсөткүчү 1,3 же 1,15-1,3 аралыгында болгондо, ооруканалардагы орундар 70%-90% толгондо күчөтүлөт. Чектөөлөрдү жумшартуу үчүн бош орундар 50% азайып, R көрсөткүчү 1ден төмөн болуусу керек. Мындан тышкары кошумча көрсөткүч катары коронавирустан каза болгондордун жана абалы оор бейтаптардын саны каралат», — деди министрдин орун басары.
Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Казакстанда ооруканаларда 13 716 бейтап дарыланууда, 10 139 киши айыгып чыккан. Өлкөдө оорунун белгилери байкалбаган адамдарды кошуп эсептегенде коронавирус жуктургандардын жалпы саны 23 960 кишиге жетти. 105 бейтап көз жумду.
Булак: NazarNews.kg