www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте автобус эки өспүрүм кызды сүзүп кетти
Бишкекте №153 каттамдагы автобус катышкан жол кырсыгы катталды.

Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 11-августта, саат 09:00 чамасында Ю. Фучик көчөсүндө болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, №153 каттамда жүргөн, мамлекеттик номери 01KG937AZ болгон «Isuzu Citiport» үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу түндүк тарапты көздөй бара жатып, «Аска-Таш» комплексине жетпей, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн чыгыштан батышты көздөй өтүп бара жаткан 15–16 жаштардагы эки өспүрүм кызды сүзүп кеткен.

Кырсыктан кийин айдоочу автобусту токтоткон.

Окуя болгон жерге тез жардам чакырылып, жабыркаган кыздар №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүмдөр оор жаракат алышкан эмес.

Жол кырсыгы Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгында жана камсыздандыруу компаниясында катталган.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана бардык жагдайлары такталууда.

Тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Последние новости