www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети Ысык-Көл районунда «Асман» шаарын долбоорлоо жана куруу үчүн 653,87 гектар мамлекеттик жерди бөлдү.
Жер тилкеси Тору-Айгыр–Тамчы аймагында жайгашкан.
Анын:
• 457,99 гектары - айыл чарба багытындагы жер;
• 195,88 гектары - мамлекеттик токой фондунун жери.
Бөлүнгөн аймак калктуу конуштар категориясына өткөрүлөт. Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына жер документтерин өзгөртүү жана шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырылды.
Долбоорду ишке ашырууда жамгыр жана кар сууларын агызуу системаларын куруу, сейсмикалыккоопсуздукту камсыздоо жана кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү талап кылынат. Ошондой эле экологиялык жана санитардык нормалар сакталууга тийиш.
Аймактан тарыхый-маданий мурас объекттери табылса, археологиялык изилдөө жүргүзүлүп, иштерге адис-археолог тартылат.
Жер максаттуу пайдаланылбаса, бийлик аны баштапкы абалына келтирүү боюнча чара көрүшү керек.
Тийиштүү №530 токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 8-августта кол койгон.
Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.