www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык мүлктү инвентаризациядан өткөрүп, аны пайдаланууга жана ижара келишимдеринин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүдө. Текшерүүнүн жүрүшүндө Тоголок Молдо көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан Планетарий комплексинин ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынды.
Мэриянын маалыматына ылайык, муниципалдык мүлктү текшерүүнүн негизги максаты — анын иш жүзүндө кандай пайдаланылып жатканын баалоо жана ижарачылардын келишимдик милдеттенмелерди аткарышын көзөмөлдөө.
Өзгөчө көңүл мүлктү максатсыз пайдаланган же ижара акысын өз убагында төлөбөгөн ижарачыларга бурулууда.
Планетарий комплекси 2025-жылы беш жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Ага 0,414 гектар жер тилкеси жана жалпы аянты 530,1 чарчы метрди түзгөн турак жай эмес имарат кирет. Ижара акысын өз убагында төлөө боюнча милдеттенмелер аткарылбагандыктан, карыз пайда болгон.
Муниципалдык мүлк боюнча комиссия ижара мамилелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Карызды жана туумду өндүрүү боюнча укуктук чараларды көрүү үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.
Мэрия муниципалдык мүлктү пайдаланууну текшерүү улантыларын жана келишимдин шарттарын бузган ижарачыларга мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Ошондой эле жарандарга муниципалдык мүлктү ижарага алуу укугун үчүнчү жактардан сатып алууда бүтүмдүн мыйзамдуулугун алдын ала текшерүү сунушталды. Ижарачынын өз укуктарын башка адамга өткөрүп бериши муниципалдык мүлктү андан ары пайдаланууга кепилдик бербейт.
Келишим токтотулган же мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, жарандар менен ижарачылардын ортосундагы мындай бүтүмдөрдөн улам тартылган чыгымдар үчүн мэрия жоопкерчилик тартпай турганын эскертти.