www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-сентябрда Бишкек мэриясында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстанга келген чет элдик коноктор жана дүйнөлүк киноиндустриянын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова, Россиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова, Голливуд актрисасы Bai Ling, кикбоксинг боюнча 11 жолку дүйнө чемпиону жана актёр Don «The Dragon» Wilson, «Оскар» сыйлыгынын лауреаты, продюсер Збигнев Жмудский жана Голливуд продюсери Эрик Ялгашев катышты.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек конокторду куттуктап, алардын борбор калаага келгенине ыраазычылык билдирди. Ал Бишкек спорт, маданият, салт-санаа жана достук бириктирген эл аралык жолугушуулардын борбору болуп жатканын белгилеп, шаарды дүйнөлүк деңгээлдеги келечектүү кино тартуучу аянтча катары да таанытууга кызыкдар экенин айтты.
Чет элдик коноктор Бишкекке жана Кыргызстанга болгон сапарынан алган таасирлери менен бөлүшүп, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштурулушуна жогору баа беришти.
Ассоль Молдокматова шаар жетекчилигине социалдык жана билим берүү багытындагы демилгелерди колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун соңунда конокторго эстелик белектер тапшырылып, жалпы сүрөткө түшүү уюштурулду.