www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 9-сентябрдан 11-сентябрга чейин төмөнкү басымдагы газ түтүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу айрым аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.

Газ төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда өчүрүлөт:

  • Васильев көчөсү, М. Ганди көчөсү, Можайский көчөсү, Манас көчөсү;
  • Манас көчөсү, Саадаев көчөсү, Витебский көчөсү, М. Ганди көчөсү, Белоозерский жана Бреславский көчөлөрү.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Бишкек мэриясынын демилгеси менен борбор калаадагы жолдорду реконструкциялоого байланыштуу жүргүзүлүүдө.

«Бишкекгаз» жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерге газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын пайдаланууну сунуштады.

Иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости