www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык журналист жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян рак оорусуна каршы күрөштө оң жыйынтыкка жеткенин билдирди.
Анын айтымында, акыркы медициналык текшерүүдөн кийин дарыгерлер организминде рактын белгилери жок экенин аныкташкан.
Симоньян өзүнө операция жасаган дарыгерлерге, дарылануу учурунда колдоо көрсөткөн окурмандарына жана Кудайга ыраазычылык билдирди.
«Дарыгерлер рак оорусун жеңишти. Мен жашайм», — деп билдирген журналист.
Ал буга чейин эмчек рагына байланыштуу узак убакыт бою дарыланган. Симоньян бир нече этаптан турган медициналык жардамдан өткөнүн айтып келген.
Журналист анын оорусуна байланыштуу кабарды 2025-жылы коомчулукка жарыялаган. Ошондон бери ал дарылануу процесси тууралуу маал-маалы менен маалымат берип келген.