www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 10-январда саат 23:45тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Кар көчкү түшкөн жер тазаланып, басып калган жеңил унаа чыгарылган. Ичиндеги адамдар аман-эсен экендиги айтылат. Көчкүнүн көлөмү 4000 куб метрди түздү.

“Алгач каттам толугу менен жабылган. Учурда Сосновка посту жеңил унаалардын өтүүсүнө ачык, бирок жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости