www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Он жыл мурун 2012 жылы үч адам соттолот, булар 8 ай камакта жаткан соң ал кездеги президент чет мамлекетке чыгып кеткенине байланыштуу Бишкек шаардык сотунан  Курманкул Зулушев тарабынан акталат. Жакшылык жерде калмак беле, ушул соттолгондордун бири президент болгон соң Курманкул Зулушев Башкы прокурор болуп чартаңбай тебе баштады. Соттолгондордун бири спикер болуп турган. Азыр соттолуп жаткандардын арасындагы Талант Мамытов жок. Ал оюндан жыдыган. Эми аларды соттолуудан куткарган Курманкул Зулушев да бул чөлкөмдөн жок болот деген уу-дуу кептер жүрө баштады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жакынкы аралыкта кызматтан кетет. Бул тууралуу маалымат Ак үй менен Көк үйдө кызуу талкууга түштү. Азырынча Зулушевдин ордуна келчү кадр тандала элек болгону менен бош калган креслого тымызын көз арткандар көбөйгөн. «Уккан кулакта жазык жок» ар кандай  маалыматтарга караганда, Башкы прокурор болуп Бекбосун Апсатаров дайындалышы мүмкүн. Ал учурда президенттин аппаратында сот-прокуратура иштери боюнча бөлүм башчылык кызматта.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылы аймактарды кыдырып, катуу пиар кылганы эсиңерде болсо керек. Ошондо Ош шаарынын экс-мэри Алмаз Мамбетов жакшылап тоспой, келиндей жүгүнбөй койсо, натыйжада, төрт кылмыш иши козголуп атпайбы. Кайсы гана чиновник болбосун, артын чукуй берсе “илинчээги” табылат. Ошол сыңарындай, Алмаз Мамбетовго да тескери мамиле жасалып, кылмыш иштерин козгоо менен саясый карьерасына балта чабуу аракеттери көрүлгөн. Аягы кызматынан кетирилип ордуна Бакыт Жетигенов келген.

Негизи Курманкул Зулушев кыйын экен: мыйзамды көзөмөлдөөчү органдын башында туруп, жалаң Садыр Жапаровдун кадрларына “аңчылык” жасап, четинен чаап келатат. Алымкадыр Бейшеналиев, Доскул Бекмурзаев, Теңгиз Бөлтүрүк, Алмазбек Бейшеналиев, Алмаз Мамбетов сыяктуулар. Мындай ыргакта кете берсе, жакында президенттин бир туугандарын кылтакка иле баштабайбы?

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ташы өргө кулап, ити чөп жаткан кези. Азыр эң эле таасири, салмагы артып жаткан Зулушев экени саясий чөйрөдө көп сөз болуп жатат. Ички интригаларда оомат Зулушевге ооп, айрымдардын таасири басаңдап жатат. Бул көрүнүш Жогорку Кеңештин депутаттарына карата саясий оюндарга байланышкан тиреште ачык байкалды.

Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына кылмыш ишин козгоо аракети бийликтин эки тизгин бир чылбырын кармаган билермандардын ортосуна жаракка кетирди. Алсак, Тазабек Икрамов, Өмүрбек Бакиров, Чынгыз Айдарбеков, Эмил Жамгырчиев сыяктуу Кемпир-Абад маселесинде каршы болгон депутаттарга кылмыш ишин козгоого себеп болчу негиздерди таап, ооз ачкыс кылып коюу аракети, бийлик төбөлдөрүнүн ортосунда келишпестикти жаратты. 

Айткандай, Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңештин трибунасынан айрым депутаттарга карата оор кылмыш боюнча иш бардыгын, экспретизалар жүрүп жатканы боюнча коңгуроо какканы, “уугум сага айтам, уулум сен ук” дегендей Башкы прокуратурага карата ишарат болгон. Ырасында, эл өкүлдөрүнө, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө бир гана Башкы прокуратура кылмыш ишин козгой алат. Башкы мыйзам боюнча ошондой. Мындан улам, Башкы прокурор Курманкул Зулушев саясий өңүттө кылмыш ишин козгоо бийликке аброй алып келбесин айтып, анын үстүнө кылмыш ишине негиз болчу айныгыс факты керектигин белгилеп, аталган депутаттарга кылмыш токуудан баш тартып коёт. 

Ошого карабастан, Эмил Жамгырчиев менен Чынгыз Айдарбековдун чек арадан кармалып, кыска убакыт ичинде дайын-даректери белгисиз болуп, чоң чуу чыккан. Натыйжада, Жамгырчиевге карата мурда кыскартылган иш жанданып, өтө чоң басымдан улам Чынгыз Айдарбеков сыртка чыга качты. Ага дейре Элвира Сурабалдиева бизнесине кысым болуп жатканын айтып чырылдаса, Өмүрбек Бакиров кабинетинен куулуп, депутаттарга карата реалдуу басымдын болуп жатканы билинип калды. 

Ал ортодо бийликтин “көзүрүнө” болушкан “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жеңиш Токторбаев эл өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгоодон баш тартып койгон Башкы прокуратураны сынга алып, ал түгүл аталган органдан тергөөнү алыш керек деген мыйзам токуп жиберди. Бирок, ала
барман эл өкүлү Башкы прокуратурадан тергөөнү алыш үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керектигин билбегени кызык болду. 

Кыскасы, Курманкул Зулушевдин тасирдүү фигурага айланып, экинин бири болуу аракети кандай жыйынтыкталат азырынча айтуу кыйын. Тиреш катуу жүрүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg       

Последние новости