www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги Афганистандын Памир өрөөнүндө катуу вирустук инфекциянын жайылышы жана этникалык кыргыздардын өлүмү тууралуу кыргыз ЖМКларында тараган маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, телефон байланышы жок болгондуктан жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын чыныгы абалын тактоо үчүн аталган жерге элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөн.

«Ошол эле учурда Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу аныкталган жок», - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги. Ал эми Афганистандагы кыргыздардын Кыргызстандагы өкүлү менен ведомство жана Кыргызстандын элчилиги байланышта экенин кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости