www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек санитардык полигонунун аймагында чыккан өрт боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, өрт болжол менен саат 20:30да башталган. Саат 20:45 чамасында полигондун башка тилкесинде да өрт чыккан.
Алдын ала маалымат боюнча, белгисиз адамдар полигондун төрт тарабынан атайылап өрт коюшу мүмкүн. Окуя болгон жерге «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери барып, кырдаалды көзөмөлгө алышкан.
Тиешелүү кызматтардын жана муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында өрт саат 01:45те толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мэриянын маалыматына караганда, маселе шаардык бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.