www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран АКШ тарабынан санкцияларды жеңилдетүү шартында уран байытууну убактылуу токтотууга макул болду. Бул тууралуу Al Hadath телеканалы Пакистандагы булактарына таянып билдирди.
Булактардын маалыматына караганда, буга Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрүндө ортомчулук кылган тараптардын аракеттери өбөлгө түзгөн.
Буга чейин Axios басылмасы АКШнын расмий өкүлүнө таянып, президент Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу талаптарды Тегеран аткарган шартта өлкөгө каршы санкцияларды жеңилдетүүгө жана Ирандын тоңдурулган активдерин бошотууга даяр экенин жазган.