www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Бундестагынын Ички иштер боюнча комитетинин төрагасы Йозеф Остер менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана парламенттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.
Элчи эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Германиянын Бундестагынын ортосундагы байланыштардын оң динамикасына токтолду.
Тараптар миграция жана мобилдүүлүк жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине да көңүл бурушту. Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын жарандары үчүн Германияда билим алуу, кесиптик даярдыктан өтүү жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, элчи Германия тарапка Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана институционалдык реформалар тууралуу маалымат берди. Анын ичинде экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган чаралар, ошондой эле өлкөнүн санкциялык саясаты боюнча түшүндүрмөлөр берилди.