www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту Мая Алиевага (Камчы Көлбаевдин апасы) жана Нурия Тентешевага (М.Алиеванын келини) карата чыгарылган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Шаардык сот ишти 2024-жылдын 26-сентябрында караган. Иш Жогорку сотко жөнөтүлдү.
2024-жылдын 8-августунда Бишкектин Октябрь райондук соту Мая Алиевага карата өкүм чыгарган. Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү менен козголгон.
Отурумга сот Тилектеш Бегалиев төрагалык кылса, ишти прокурор катары Кундуз Акунова карады. Ал эми Бакытбек Жумашев менен Канат Асанкадыр жактоочулук кылышты.
Буга чейинки отурумда прокурор К.Акунова М.Алиеваны 10 жылга эркинен ажыратып, бул иштеги объектилерди мамлекетке өткөрүп берүүнү сунуштаган. Бүгүн жактоочулар актоо өкүмүн чыгаруу жана мүлктү конфискациялоо чарасын жокко чыгаруу өтүнүчүн айтышты.
Жыйынтыгында сот Мая Алиеваны 7 жылга эркинен ажыратып, 3 жылдык үй камагын 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен белгилеген. Ошондой эле мүлкү конфискацияланмай болду.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси — кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо).