www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-декабрда Россия Мамлекеттик китепканасында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган "Тарыхый мурастарды жаңы чындыкта сактоо: маданий коддун негизи" аттуу эл аралык конференция өттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, илимий иш-чара Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.
Конференцияда КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен А.М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун директору – Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти В.В. Полонскийдин куттуктоолору окулду.
Элчиликтин куттуктоосунда Саякбай Каралаевдин улуу эпос "Манасты" сактоодогу жана кыргыз элинин руханий мурасын муундан-муунга өткөрүүдөгү зор эмгеги жана кыргыз элинин дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы баса белгиленди.
Конференцияга "Манас" улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын илимпоздору, жазуучулары жана манас таануучулары катышып, баяндамаларды жасады.
Онлайн-форматта катышкан кыргыз диаспорасынын активисттери жана студенттер "Кыргыз оймосу - тарыхый булак", "Манас дүйнө балдарына" жана "Манас эпосун жандандыруу: жаштар демилгелеринин маданий мурасты жайылтуудагы ролу" темасында баяндама жасашты.
Улуу манасчынын кызы Г.С. Каралаеванын атасы тууралуу эскерүүсү жана россиялык окумуштуулардын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын жана кыргыз элинин философиясын изилдөө боюнча баяндамалары чоң кызыгууну жаратты.
Иш-чаранын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө жана кыргыз элинин кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду.