www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ак бата” партиясы менен Жаштардын прогрессивдүү партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышат. Бул тууралуу борбор калаадагы аймактык шайлоо комиссиясы маалымдады.
Буга чейин Бишкек шаар кеңешине шайлоого катышуу ниетин “Замандаш”, “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясы, “Реформа”, “Биздин эл”, Коммунисттер жана “Ынтымак” партиялары билдирип, АШКга кайрылышкан. Булардан тышкары «Шайлоо эркиндиги», «Ишеним», «Ата Журт», «Бирге-Вместе», «Кыргызстан социал демократтары», «Патриот» жана Кыргызстандын Улуттук демократиялык партиясы, “Жашылдар”, «Ыйман нуру», «Легалайз», «Ата Мекен», «Эмгек», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Улуу Журт» партиялары да жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуу үчүн арыз беришкен.
Жалпы 22 саясий партия Бишкек шаар кеңешине шайлоого катышууну көздөөдө.
Маалыматка ылайык, шайлоого катышуучу партиялар ал тууралуу 1-мартка чейин аймактык шайлоо комиссиясына кайрылуусу тийиш.
Бишкек шаар кеңешине жана башка дагы 448 жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде болот.
Булак: NazarNews.kg