www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев мунайды кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык саясат боюнча кечээ, 20-февралда кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин инвестиция тартуу маселеси боюнча кеңешчиси Марат Турсунбеков, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов катышты.

Кеңешмеде экологиялык жана заманбап техникалык талаптарды эске алуу менен ЕАЭБдеги мүчөлүк милдеттенмелерди аткаруу багытында мунайдын кайра иштетүү технологияларын тереңдетүү муктаждыгы айтылды.

Анда ошондой эле немец технологиясындагы жабдууну колдонулган инвестициялык долбоор презентацияланды. Долбоордун демилгечиси, «Темирлан-Ойл» ачык акционердик коомунун башкы директору Мухит Оразбаев «Кумкөл» (Казакстан) мунай кенинин чийки затында негизделген кайра иштетүүчү заводду Талас облусунун «Маймак» эркин экономикалык аймагында жайгаштырууну сунуштады.

Медербек Сатыев экономиканы өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө салым кошо турган инвесторлордун укуктарын коргоого мамлекет тарабынан кепилдик берилерин, мыйзам алкагында иштөө ниети бар инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Тараптар мунай өндүрүү технологиясынын деңгээлин көтөрүү боюнча инвестициялык саясатка канааттандырарлык деген баа беришип, инвестициялоо шарттарын мындан ары өркүндөтүү боюнча бир пикирге келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости