www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 85 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматына таянып Марал Радиосу жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 156 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 425 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Кыргыз бийлиги Токтогулдагы суунун деңгээлин критикалык чекке жеткирбей кармап турууга аракет көрүп келет. Бирок суунун көлөмү 5,5 млрд куб метрге түшүп кетсе, анда ГЭСтин агрегаттарын токтотууга аргасыз болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости