www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын депутаттарын канча адам шайлайт?

4-мартта Бишкек шаарында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекованын төрагалыгы астында жыйын өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына уюштуруу иштерин чечүүгө көмөктөшүү максатында 11-апрелге дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоо боюнча Бишкек шаардык штабы тарабынан өткөрүлгөн.

Учурда Бишкек шаарында 1 млн 53 миң 915 жаран жашайт, алардын ичинен 416 миң 749 адам шайлоочулардын тизмесинде катталган же болбосо Бишкек шаарынын тургундарынын жалпы санынын 39,5% пайызы шайлоого катышууга укуктуу.

2016-жылы Бишкек шаарынын калкынын саны 958 500 жаран болчу. Алардын ичинен шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо 310 530 адам катталган.

Ушул тапта Бишкек шаарынын аймагында 228 шайлоо участкалары жана 1 шайлоо округу түзүлгөн.

Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык мандаттардын саны 45ти түзөт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 27 саясий партия талапкерлеринин тизмесин тапшырды. Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 2021ди түзсө, анын 828и аялдар.

Бишкек шаарындагы 18 жаштан жогору болгон 11,5% адам биометрикалык маалымат тапшырбагандыгына байланыштуу тизмеден тышкары бойдон калууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости