www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн кээ бир аялдар күйөөсү үчүн «энеге» айланып кетет?

Эмне себептен аял күйөөсүнө кылыктанган колукту боло албай, апасына «айланып» кеткен себебин РИА Новости агенттигине психолог Ирина Маслова-Семенова түшүндүрүп берди.

Адистин айтымында, бул кыздын кичине кезинен берки психологиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам пайда болчу адат.

«Мисалы, кызга аялдын образы бир гана энесинин образы менен калыптанат. Аял баарына камкор, жардамчы, чечим кабыл алуучу киши катары көрүнөт. Кийин бул моделди өзү курган үй-бүлөгө алып барып таңуулайт. Жолдошу үчүн чечим кабыл алып, ага баласындай мамиле кыла баштайт. Бирок көпчүлүк эркектер дагы бир «энелүү» эмес, жубайлуу болгусу келет», — деди психолог.

Ошондой эле, адис аял өзүнүн күйөөсү үчүн «эне» болуп калганын кантип билсе болорун жана ал образдан кантип чыгуу керектигин дагы түшүндүрдү.

«Күйөөңүз майда-чүйдө нерсеге чейин сизден бир ооз сурамайынча жасабай калганын байкасаңыз, демек, туура эмес жолдосуз. Бирок андай күйөөлөрдө деле айрым жагдайлардан кийин күчтүү, эрктүү эркек ойгонот. Баарын өз колуна алгысы келет. Ошол маалда моюн толгобой, дароо назик, алсыз, жардамга муктаж аялга айлана калганыңыз туура. Бул нерсе көп үй-бүлөлөрдө гармонияны кайтарып, ынтымакты сактап калууга жардам берет», — деди адис.

Ошондой эле, ал жолдошу үчүн сүйүктүү болгусу келген аял маал-маалы менен эркелеп, кылыктанып, керектүү жерден кыялын көрсөтүп турганы оң экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости