www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча министрлер президент кеткенге чейин иштесе болот. Бул тууралуу конституциялык кеңештин мүчөсү, тарыхчы Муратбек Иманкулов NazarNews маалымат агенттигине  бүгүн, 6-мартта билдирди.

--“Мен тарыхчы катары Конституциялык кеңештин мүчөсү болдум. Анда 3 секцияга бөлүнгөн. Мен биринчи секцияда иштедим. Көптөгөн тарыхчылар, академиктер жана мыкты адистер менен катар депутаттар дагы мүчө болду. Анда баары кеңештерин, пикирлерин айтып, талдап чыктык. Көптөгөн тала-тартыш сөздөр айтылды. Кыргызстандын келечеги үчүн түзүлүп жаткан мыйзамга баарыбыз кайдыгер карабай жакшылап карап чыкканга аракет кылдык. Юристтер менен дагы талаш меселелер болду. Мисалы, биз биринчи секциядагылар билим, илим жана башкалар тууралуу жазып койсок, юридикалык жагын караган секциядагылар оңдоп койгон учурлары болду. Ошол учурда талаш ойлор жаралды. Кантсе дагы элдин кызыкчылыгын коргодук десем болот. Ал эми  бул Баш мыйзам боюнча президент эки мөөнөткө калса болот. Ошону менен катар өкмөт мүчөлөрү, тактап айтканда министрлер эки мөөнөткө калса болот. Эгер жакшы иштебей, жумушанан ката кетирсе сөзсүз иштен алынат. Бул боюнча аябай талдап жазылды”, - дейт Иманкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости