www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев эмне үчүн казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы Бишкек ТЭЦинин буу казандарын колдоноорун айтып берди.

Парламенттин жыйынында депутат Наталья Никитенко бул компания Жаңы Зеландияда катталып, кеңсеси Лондондо жайгашканын билдирген. Ал компанияны тартип коргоо органдары дыкат текшериши керектигин дап Никитенко айтууда. Депутат кырдаал көп кооптуулукка түртөрүн, тагыраак айтканда, стратегиялык объектинин (Бишкек ТЭЦи) буу казандарынын бир бөлүгү күмөндүү чет элдик компанияга өтүп кетет деп эсептейт. Андыктан бул кырдаалда министрлер кабинети ишенимден кетээри мүмкүн дейт.

"Ал компания Карагандадан байытылган көмүр алып келет экен. Бизде жаңы буу казандар бар, алар Кара-Кече көмүрүнө ылайыкташкан. Ал эми эски 15 буу казан башында эле Караганда көмүрүнө ылайыкталып курулган. Hampton Resources Limited жөнөкөй эле эмес, байытылган көмүрдү ташып келет. Ал кошумча физикалык-химиялык жол менен күчтөндүрүлгөн, жылуулук чыгаруу коэффициенти көбөйтүлгөн. Мындай көмүр биздин буу казандардын эффективдүүлүгүн арттырат", — деди Аалиев.

Өкмөт башчынын орун басарынын айтымында, компания менен түзүлгөн келишимдин милдеттүү шарты Бишкек ТЭЦинде электр энергиясын бир киловатт-саатын иштеп чыгуунунун өздүк наркын 1,7 сомго, жылуулуктун бир гигакалориясын 900 сомдук деңгээлге түшүрүү. Учурда электр кубатынын бир киловатт-саатын иштеп чыгуунун баасы кошумча нарк салыгын эсепке албаганда 3,4 сомду түзөт.

"Мындай көмүр таптуу келип, алда канча арзан түшөт. Азыраак көмүр жагылат. Муну менен шаарды каптаган ыш маселесин дагы чечүүгө салым кошобуз. Сиздер айтып жаткан кооптуулуктарды жоюу үчүн эффективдүү жумуш модели түзүлөт. Биргеликте иштешүүнүн жыйынтыгында буу казандар компаниянын балансына өтпөй, Бишкек ТЭЦинин өзүндө калат деп үмүт артабыз", — деди Аалиев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Facebook тармагындагы баракчасына Кыргызстандын министрлер кабинети "Электр станциялары" ишканасын Бишкек ЖЭБине көмүр алып келүү, буу казандарын жана башка жабдууларын карап иштетүү үчүн Hampton Resources Limited жеке компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирди деп жазган. Кийин ага президенттик администрация түшүндүрмө берген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости