www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оңдоо иштери бүткөнүнө байланыштуу 1-ноябрдан тарта пландык өчүрүүлөр болбойт. Бул туурасында энергетика министри Доскул Бекмурзаев кечээ күнү парламентте билдирди. Депутаттар көпчүлүк аймактарда электр энергиясы атайылап өчүрүлүп жатканын айтып, себебин сурады.
Бекмурзаев атайылап өчүрүү болбогонун, оңдоо иштерине байланыштуу гана үзгүлтүккө учурап жатканын айтты.
«Былтыркы пандемияга байланыштуу эки жылдык пландык оңдоо иштерин быйыл бир жылдын ичинде жасап жатабыз. Октябрдын аягына чейин ал жумуштардын баарын бүтүрөбүз. 1-ноябрдан баштап пландык оңдоо иштерине байланыштуу электр кубаты өчүрүлбөйт. Ошого үлгүргөнгө аракет кылып, балдарыбыз күнү-түнү иштеп жатат», — деди Бекмурзаев.
Булак: NazarNews.kg
Булак: NazarNews.kg