www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нааразычылыктар жана даттануулар боюнча мекмелер аралык көзкарандысыз комиссия (NMC) Бишкекке автобустарды жеткирүү боюнча сынактын катышуучусу- Beiqi Foton motor Co., LTD компаниясынын арызын негиздүү деп тапты. Бул тууралуу өкмөттүн сатып алуулар порталы кабарлады.
Жеткирүүчү тендердик документтерде белгиленген квалификациялык талаптарга дал келбегендигине байланыштуу анын арызы биринчи этапта четке кагылгандыгына макул болгон эмес.
Комиссия сатып алуучу уюм тендерлерди баалоодо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузду деген тыянак чыгарды. Атап айтканда, жол-жобонун фундаменталдык принциптери: жеткирүүчүлөргө карата публикалуулук, ачыктык, мыйзамдуулук жана калыстык; мамлекеттик сатып алууларда жана башкалар үчүн жеткирүүчүлөргө (подрядчыларга) бирдей жана акыйкат шарттарды түзүү сыяктуу шарттарды бузган.
"Билдирүүнүн ээси даттанган эреже бузуулар конкурстун башка катышуучуларында, анын ичинде сынактын жеңүүчүсүсүндө да болгон”, - деп билдирген комиссия.
Ага ыйлык, тендердин шарттарын бузган сатып алуучу уюмдун чечими жокко чыгарылышы керек.
Автобустарды жеткирүү боюнча тендерге катышууга жети компания арыз берген. Жеңүүчү болуп 100 автобусту 8 миллион 199 миң долларга алып келүүнү сунуштаган Xiamen king long united automotive industry Co., LTD аттуу комапания табылган.
Сынакты борбор шаардын мэриясынын Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автоунаа ишканасы февраль айында жарыялаган. Аталган мекеме 650 миллион сомго 100 автобус алып келүүнү мерчемдеген.
Булак: NazarNews.org