www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин борборунда митинг уюштурууга тыюу салган чечим 1-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мурдагыдай эле "Ала-Тоо" аянтында, Жогорку Кеңештин, өкмөт үйүнүн, УКМКнын имаратынын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияларды өткөрүүгө болбойт.

Митингдер Максим Горький атындагы сейил бакта гана өткөрүлүшү керек.

Эске салсак, алгач Бишкектеги айрым жерлерде ар кыл акцияларды өткөрүүгө быйылкы жылдын апрель айында тыюу салынган. Анда бул мөөнөт 1-сентябрга чейин деп белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости