www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Берлин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Москва Киевди колдогон өлкөлөргө каршы жооп чараларын күчөтөрү тууралуу билдирүүсүн эске алганын билдирди.
Бул тууралуу Bild басылмасы жазды.
Лавров 14-августта берген маегинде Орусия Украина колдонгон ыкмаларды кайталабай турганын, бирок мындан ары анын аракеттери катуураак болушу мүмкүн экенин айткан.
Орусиянын тышкы иштер министри Батыштын Украинага көрсөткөн аскердик жардамына жооп катары Москва украин армиясынын согуштук мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылган ресурстарга басым жасаарын билдирген.
Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул билдирүүлөр Берлин тарабынан эске алынганын тастыктаган.