www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында мурдагы оорукананын имаратын оңдоп-түзөө иштери аяктап калды. Анда 100 орундуу облустук төрөт үйү жайгаштырылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Оңдоо иштери март айында башталган.

«Учурда имараттын фасады жаңыланып, жаңы терезелер орнотулду. Азыр ички жасалгалоо жана инженердик коммуникацияларды монтаждоо иштери улантылып жатат», - деп жазылган маалыматта.

Имаратты капиталдык оңдоого мамлекеттик бюджеттен 200 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, төрөт үйүн керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылууга 89 млн сом каралган.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда Чүй облустук төрөт үйү мурдагы бала бакчанын имаратында жайгашкан. Бул имараттын шарттары заманбап жана атайын адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеп келет.

Последние новости