www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Ильяс Сооданбеков изделүүдө

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы 1985-жылы туулган Сооданбеков Ильяс Искендеровичтин жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБге Ш.Р. аттуу жаран кайрылып, тууганынын дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ал 2026-жылдын 8-августунда болжол менен саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Токоналиев көчөсүндө жайгашкан даректен батир ижарага алуу үчүн чыгып кеткен. Ошондон бери анын жүргөн жери белгисиз.

Аталган факт Октябрь РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Изделип жаткан жарандын өзгөчө белгилери:

  • бою 170–175 сантиметр;

  • дене түзүлүшү арык;

  • кийген кийими — көк түстөгү жынсы шым жана боз түстөгү футболка.

Милиция жарандардан Сооданбеков Ильяс Искендеровичтин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоону өтүнөт:

0 (312) 54-41-16, 0 (705) 45-31-11, 0 (700) 21-00-24 жана 102.

 

Последние новости