www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 21 жаштагы Асел Осмонова изделүүдө

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан Осмонова Асел Мамасыдыковнанын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РИИБ билдиргендей, милицияга борбор калаанын тургуну О.К. 2001-жылы туулган кызы Осмонова Асель Мамасыдыковнаны издөөгө көмөк көрсөтүү арызы менен кайрылган. 2022-жылдын 10-июлунда кызы Дордой-1 конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Учурда дайынсыз жоголгон адамдын кайда экени белгисиз.

Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ЭПККсына катталган.

Белгилери: бою 160-165, көздөрү күрөң, чачы далыга чейин кара, сол ээгинде мең бар.

Ал мезгилге жараша кийинген.

«Эгерде Аселдин жүргөн жерин тактоого жардам бере турган маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: 0 500 60-70-67, 0 702 49-88-88 жана 102», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости