www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин акыркы репетициясына байланыштуу 22-августта айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Акыркы репетиция «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Буга байланыштуу саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет:

  • Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;

  • Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди (Муромская) көчөсүнө чейин;

  • Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;

  • Махатма Ганди көчөсү — Аалы Токомбаев проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

Айдоочуларга сапарларын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү каттамдарды тандоо сунушталат.

Последние новости