www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте батирге байланыштуу өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Жабырлануучуга келтирилген зыян 4,8 млн сомдон ашат.
Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына М.Ч. аттуу жаран кайрылып, К.Ж. аттуу адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Алдын ала маалыматка ылайык, шектүү ишенимге кирүү жолу менен жабырлануучуга таандык батирди убактылуу өзүнүн атына өткөрүп алган. Кийинчерээк батирди мыйзамсыз ээлеп, аны үчүнчү тарапка сатып жиберген деп шектелүүдө.
Натыйжада жабырлануучуга 4 млн 810 миң 892 сом өлчөмүндө өзгөчө ири материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ишке тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.
Милиция аталган адамдын аракеттеринен жабыр тарткан же иш боюнча маанилүү маалыматка ээ жарандарды 0 755 442 037 телефон номери аркылуу кабарлоого чакырды.