www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында курулуп жаткан жаңы мектептер заманбап жана окуучулардын дене түзүлүшүнө ылайыкташкан эмеректер менен жабдылат.

Ош шаарында жаңы мектептердин курулушу менен таанышуу учурунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев журналисттерге окуучулар үчүн каралган жаңы үлгүдөгү мектеп эмеректерин көрсөттү.

Министрдин айтымында, окуучулар үчүн мурда колдонулуп келген катуу жыгач парталар менен отургучтардын ордуна бийиктиги жана башка параметрлери жөнгө салынуучу эмеректер тандалууда.

Бул эмеректер окуучулардын дене түзүлүшүнө ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Мектептер үчүн эмеректер ата мекендик өндүрүштөн алынуу менен бирге чет өлкөдөн да импорттолууда.

Нурдан Орунтаевдин айтымында, ар бир эмерек сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык текшерилип, тиешелүү сыноолордон өткөндөн кийин гана сатып алынат.

Последние новости