www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүп, бирок милдеттүү салыктык каттоодон өтпөгөн 11 чет элдик компания аныкталды. Алардын арасында Alibaba, Microsoft, Telegram, Sony Interactive жана башка ири компаниялар бар.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын резиденттерине электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдар салык органында милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш. Электрондук кызматтарга программалык камсыздоо, онлайн-оюндар, интернеттеги жарнама, хостинг жана маалыматтарды сактоо, санариптик контентке жеткиликтүүлүк сыяктуу кызматтар кирет.
Учурда Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү 73 чет өлкөлүк компания салыктык каттоодон өткөн.
Ошол эле учурда Салык кызматы коммерциялык банктар менен биргеликте жүргүзгөн талдоонун негизинде ири финансылык жүгүртүүгө ээ болгон 11 компанияны аныктаган. Алардын катарында:
Alibaba Group Holding Limited (1688);
Pinduoduo;
Twitch Interactive;
Microsoft;
Valve;
Sony Interactive Entertainment;
Epic Games;
Electronic Arts;
VK;
Telegram;
Dropbox бар.
2024–2025-жылдары аталган компанияларга Кыргызстандан 15,9 млнго жакын акча которуу жүргүзүлүп, жалпы сумма 13,2 млрд сомго жакын болгон.
Каражаттардын эң ири көлөмү Pinduoduo компаниясына — 8,89 млрд сом, Alibaba Group Holding Limited (1688) компаниясына — 2,83 млрд сом, Microsoft компаниясына — 1,01 млрд сом туура келген.
Салык кызматы компанияларга салыктык каттоодон өтүү жана мыйзамда каралган милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы тууралуу бир нече жолу расмий кат жөнөткөн. Ошондой эле тиешелүү кайрылуулар Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу жөнөтүлгөн.
Бирок ведомствонун маалыматына караганда, азырынча компаниялардан расмий жооп түшө элек.
Салыктык милдеттенмелер аткарылбаган учурда мыйзамда каралган чаралар көрүлөрү, анын ичинде тиешелүү компаниялардын электрондук сервистерине Кыргызстандын аймагынан кирүүнү чектөө маселеси көтөрүлүшү мүмкүн экени белгиленди.