www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Батыштын Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланышы болушу мүмкүн деген 19 компанияны жабуу чечими кабыл алынды.
Президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун айтымында, бийлик мындай тобокелдикке шектелген 40ка жакын компанияны аныктаган.
Мындан тышкары, банктар да көзөмөлдү күчөттү. «Элдик Банк» 109 компания менен иштешүүнү токтотуп, дагы 20 компаниянын эсептерин жабуу ишин баштаган. АБАНК 35 компания менен мамилесин үзүп, 40ка жакын компанияны текшерүүдө.
Бийлик бул чаралардын негизги максаты – шектүү операцияларды токтотуу жана Кыргызстанга экинчи санкциялардын киргизилишине жол бербөө экенин билдирди.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын май айында Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу деп табылган 50 компания жабылганын билдирген. Ушул жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде төрт банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” санкцияга илешкен. “ЭкоИсламикБанкты” кошкондо беш банк болду.