www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда фитосанитардык көзөмөл учурунда Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзам талаптарына жооп бербеген 150 килограмм коон ташылып келе жатканы аныкталды.

Маалыматка ылайык, жүк жеңил автоунаа менен «Кең-Сай» фитосанитардык контролдук посту аркылуу алып келинген.

Текшерүү учурунда коонго тиешелүү коштоочу документтер жана фитосанитардык сертификат жок экени аныкталган.

Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө башкармалыгынын адистери тиешелүү фитосанитардык текшерүү жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 150 килограмм коон Өзбекстан Республикасына кайра кайтарылды.

Фитосанитардык көзөмөлдүн негизги максаты — Кыргызстанга карантиндик зыяндуу организмдердин жана өсүмдүктөрдүн ооруларынын киришине жана таралышына жол бербөө, ошондой эле импорттолгон өсүмдүк продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу.

Последние новости