www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 5 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, 18-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачылды.

Ал эми Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылды. Буга байланыштуу №12, 31, 145, 195, 226 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү.

Кыймыл чийменин схемаларын төмөнкү шилтемелерден табууга болот:

№ 12, 31 автобустардын схемасы. №145, 195, 226 автобустардын схемасы.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости