www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы ошондой эле жакын арада Украинадагы жаңжал тездик менен өсүшү мүмкүндүгүн айткан.

 Европа Биримдиги Россия менен дипломатиялык каналдарды калыбына келтирип, ошол эле учурда Украина менен байланышты сакташы керек. Бул туурасында Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Еврокеңештин башчысы Шарль Мишелге даярдаган отчетунда жазганын РИА Новости кабарлады.

“Төмөнкү сунуштарды эске алып, талкуу баштоону сунуштайм... Украина менен жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды үзбөй, Россия менен дипломатиялык тике алаканы да калыбына келтирип, саясий мамилени реабилитациялоо керек”, — деген ал.

Орбан ошондой эле жакын арада Украинадагы жаңжалдын кескин өсүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Ал отчетунда Россия, Украина, Кытай жана АКШга сапары 10 пунктудан турарын белгилеген. ЕБге төрагалык кылып жаткан Венгрия премьери документтин кээ бир бөлүктөрү элге маалым болуп кеткендиктен, анын чыпчыргасын коротпой Х социалдык тармагына койгондугун билдирген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости