www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сурамжылоого катышкан демократтардын 27 пайызы гана Байден өлкө президентинин милдеттерин натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү экенине ишенерин билдирген.

 Америкалыктардын кеминде 70 пайызы АКШнын азыркы президенти Жо Байден президенттик жарыштан чыгып, башка талапкерге жол бериши керек деп эсептейт. Мындай жыйынтык AP-NORC социалдык кызматы жүргүзгөн сурамжылоодон кийин чыкканын РИА Новости жазды.

"Байдендин резонанс жараткан дебатынан кийин 10 кишинин жетөө, анын ичинде Демократиялык партиянын тарапташтарынын 65 пайызы ал өз талапкерлигин алып салууга жана анын партиясына башка талапкерди тандоого уруксат бериши керек деп эсептешет", — деп жазылат AP-NORC кызматынын сайтында.

Маалыматка караганда, демократтардын 27 пайызы гана Байден өлкө президентинин милдеттерин натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү экенине толук ишенет.

Сурамжылоо 11-июлдан 15-июлга чейин 1 253 америкалыктын арасында онлайн жана телефон аркылуу жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, Жо Байден менен Дональд Трамптын алгачкы дебаты 28-июль күнү Атланта шаарында болгон. Байден анда такалып, оюн топтой албай, атаандашына тийиштүү деңгээлде туруштук бере алган эмес. Ал эми иш-чарадан соң тепкичтен жубайы түшүрүп кеткен.

Эми саясатчылар менен журналисттер демократтар Байденден баш тартып, анын ордуна башка талапкерди коюшу мүмкүн деп жатышат. Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга белгиленген. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости