www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-июлда  К.Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын түзүлгөн күнүн белгилөөнүн алдында жана 1999-2022-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысынын кубогуна күч түзүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин арасында аскердик кармашып урушу боюнча мелдештин ачылыш аземи болуп өттү.

Турнирдин ачылыш аземине КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, КР КК ардагери генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, спортчулар жана чакырылган коноктор катышты.

Анда КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов ар бир аскер кызматчысы душманга курал менен да, куралсыз да туруштук бере алышы керек. Спорттун бул түрү кайраттуулук, чечкиндүүлүк, өзүнө болгон ишеним сыяктуу сапаттарды өрчүтөт деп белгилеп өтүп, мелдештин катышуучуларына туруктуулукту жана кайраттуулукту каалады.

Ошондой эле, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев мелдештин катышуучуларды турнирдин башталышы менен куттуктап, кызыктуу беттештерди жана ишенимдүү жеңиштерди каалады.

Колбашчынын кубогу үчүн Кыргыз Республикасынын Күч түзүмдөрүнүн 13 курама командасы ат салышат жана алар он салмактык категорияда күч сынашат.  

Турнирдин жеңүүчүлөрү жеке биринчиликте да, командалык мелдеште да аныкталат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости